Путин: союздаш өлкөлөрдүн коргонуу жөндөмүн камсыздоо зарыл

Учурда Путин Коргонуу министрлигинин кеңейтилген жыйынына катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Эл аралык кырдаал оор болуп турган чакта ШКУ жана ЖККУ өлкөлөрү менен аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдирди.
Ошондой эле ал союздаш мамлекеттердин коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо зарылдыгын айткан.
"Россиянын союздаш мамлекеттеринин жана Беларусь Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого өзгөчө көңүл буруу абзел", — деди Путин.
Учурда Путин Россиянын Коргонуу министрлигинин кеңейтилген жыйынына катышууда.
Орус куралы: 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы