Путин: Россия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдиги боюнча так жооп күтөт

Россия буга чейин коопсуздук кепилдиги жөнүндө келишимдин долбоорун жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Россия кан төгүүгө каршы жана маселени саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү каалайт. Андыктан АКШдан коопсуздук кепилдиги боюнча берген сунуштарга так жана толук жооп алууга үмүт артат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Коргоо министрлигинин кеңейтилген коллегиялык жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
“Аскердик жаңжал, кан төгүү — албетте, бул биздин тандоо эмес, окуя мындай нук менен өнүгүшүн каалабайбыз. Биз маселени саясий-дипломатиялык каражаттар менен чечкибиз келет. Бирок жок дегенде так жана түшүнүктүү юридикалык кепилдик алышыбыз керек. Биздин Брюссель менен Вашингтонго жиберген сунуштаманын негизги өзөгү ушундай”, — деди Путин.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги 17-декабрда коопсуздук кепилдиги жөнүндө АКШ менен келишимдин жана НАТО менен макулдашуунун долбоорун жарыялаган. Документтер Вашингтон менен анын союздаштарына жеткирилген.
ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков РИА Новостиге эгер НАТО менен АКШ Россиянын коопсуздук кепилдиги жөнүндө талаптарына реакция кылбаса тирешүүнүн жаңы бир кадамы пайда болушу ыктымалдуулугун айткан.
Шойгу: Афганистандан ЖККУ өлкөлөрүнө терроризмдин жайылып кетүү коркунучу бар