Пресс-борбор

Министр: Бажы жана Салык кызматтарындагы "сол чөнтөк" жок кылынды

Министрдин айтымында, январь-ноябрь айларында Салык кызматы менен Бажы кызматы 137,2 миллиард сом жыйнады. Бул пландалган суммадан жогору.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Салык жана бажы кызматтарындагы буга чейин көзөмөлдөнбөй сол чөнтөккө түшүп жүргөн кирешелер жокко чыгарылды. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, январь-ноябрь айларында Салык кызматы менен Бажы кызматы 137,2 миллиард сом жыйнады. Бул пландалган суммадан жогору. Тагыраагы, өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмлуу 40 пайызга көп болду.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев
"Салык жана Бажы кызматтарындагы буга чейин көзөмөлдөнбөй сол чөнтөккө түшүп жүргөн кирешелер жокко чыгарылды деп ачык айта алам", — деди Амангелдиев.
Министр кошумчалагандай, быйыл бюджетти колдоо үчүн насыя алынган жок. Былтыр бул максатта 450 миллион доллар тартылган.
"Бүгүнкү күндө бюджет туруктуу, бардык милдеттер өз учурунда аткарылып жатат. Декабрь айына карата чыгымдар, төлөмдөр 100 пайыз аткарылууда", — деди ведомство жетекчиси.
Ал сөзүнүн соңунда мамлекеттик инвестиция программалары боюнча гана кемчиликтер болуп жатканын билдирди.
Пресс-борбор
Министр: экономика жанданып калды, бирок 2019-жылдагы деңгээлине жете элек