БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 2021-жылы кыргызстандык канча балага Садыр жана Камчыбек аттуу ысымдар ыйгарылганы айтылды.
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин ЖААК автоматташтырылган системасынын маалыматына ылайык, 291 балага Садыр, ал эми 57 наристеге Камчыбек аттуу ысымдар ыйгарылган.
Буга чейин министрлик Токиодогу Олимпиада оюндарынын байге ээлери Акжол Махмудовдун, Айсулуу Тыныбекованын жана Мээрим Жуманазарованын урматына 1 000ден ашуун наристеге алардын аты ыйгарылганын билдирген.
Ошондой эле октябрда Норвегияда дүйнө чемпионаты болуп жаткан маалда 5-октябрда Бишкекте үч эм төрөлүп, ымыркайлардын ата-энеси аларга Айсулуу, Айпери, Ай-Мээрим деген ысымдарды беришкен.