Кыргызстандагы коронавирус: эки бейтап акка моюн сунуп, 51 киши ооруп калды

Пандемиядан бери өлкөдө 184 миңден ашуун адамда вирус расмий түрдө тастыкталып, анын дээрлик жарымынан көбү сакайды. Ал эми 2 786 бейтап өмүрү менен кош айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Республикада акыркы суткада коронавирус 51 кишиден аныкталып, тилекке каршы, эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Бишкек — 14;
Ош шаары — 1;
Чүй — 16;
Ош — 3;
Ысык-Көл — 5;
Жалал-Абад — 9;
Баткен — 3.
Пандемиядан бери өлкөдө 184 269 адам илдетке кабылды.
Акыркы суткада көз жумгандар Чүй менен Бишкекте катталды, алар вируска каршы вакцина алган эмес. Ушуну менен коронавирус жуктурган 2 786 адам өмүрү менен кош айтышты.
Өткөн суткада 41 киши ооруну жеңип, сакайгандар 179 352 болду.
Азыр стационарларда 303 бейтап дарыланууда. Анын экөө канааттандырарлык, 140ы орто, 144ү оор жана 17си өтө оор абалда. Ошондой эле амбулатордук дарыланууда 345 бейтап бар.
"Дельта" менен "омикронду" бир учурда жуктурса эмне болорун адис айтып берди