ИИМдин ички аскеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов кармалды

Буга чейин ИИМдин ички аскеринин финансы кызматынын башчысы 34 миллион сомдун уурдалышы боюнча кармалганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. ИИМдин ички аскеринин кол башчысы, полковник Исламбек Кенжекулов кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура тастыктап, бирок кенен маалымат берген жок.
Кенжекулов бул кызматта 2019-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат.
Бир нече күн мурда ИИМдин ички аскеринин финансы кызматынын башчысы 34 миллион сомдун уурдалышы боюнча кармалганы айтылган эле.
Прокурордук текшерүү Ички аскерлер түзүмүндө 33 миллион 946 миң сом жалган фирмалардын эсебине которулуп кеткенин аныктаган. Каражат азык-түлүккө жана жеке курамдын кийим-кечесине багытталган болчу.
Бул факт боюнча кылмыш иши беш берене менен козголду:
337 ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу");
209 ("Алдамчылык");
210 ("Ишенип берилген ири өлчөмдөгү каражатты ээлеп алуу же коротуу");
346 ("Кызматтык жасалмалоо");
348 ("Шалаакылык").
Ишкананын жерин 460 миң долларга сатып салган. Прокурор менен үч жаран кармалды