Пресс-борбор

Министр: экономика жанданып калды, бирок 2019-жылдагы деңгээлине жете элек

Улуттук статистика комитетинин январь-ноябрь айларына карата алдын ала маалыматы боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 625,8 миллиард сомго жеткен. Бул өсүү темпи 2,4 пайызга жетти дегенди түшүндүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстандын экономикасы жанданып келе жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинин январь-ноябрь айларына карата алдын ала маалыматы боюнча, ички дүң продукциянын көлөмү 625,8 миллиард сомго жетип, өсүү темпи 2,4 пайыздын тегерегинде болууда.
"Бул экономиканын жандана баштаганынан кабар берет, оң тенденция башталды. Албетте, биз 2019-жылдын деңгээлине жете элекпиз. Бирок экономика акырындап калыбына келүүдө", — деди министр.
Министрдин билдиргенине караганда, өсүүлөр өндүрүш, кызмат көрсөтүү, соода тармактарында болду. Ал эми айыл чарбасы менен курулуш, тескерисинче, артка кетти.
Кыргызстанга кумшекерди бажы төлөмүсүз ташып келүүгө болот. Жол-жобосу