БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Соттон Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүү иштери бир өндүрүшкө бириктирилгенин айтышты. Дал ушул иштер боюнча бөгөт чарасын өзгөртүшкөн, себеби жаңы Кылмыш кодекси боюнча күнөөлөнүп жаткан адам тергөө абагында бир жылдан ашык жатпашы керек.
Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев эгерде Жогорку сот кылмыш төбөлү Азиз Батукаевди мыйзамсыз коё берди деген чечимин жокко чыгарса, бул учурда Атамбаев коё берилиши мүмкүн экендигин айтты.
Юрист Жогорку сот 12-октябрда Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Атамбаевге бул иш боюнча чыккан өкүмдү кайра жандандыргандыгын эске салды. Ошентип аталган сот Атамбаев боюнча төмөнкү инстанциянын өкүмүн 2020-жылдын ноябрында жокко чыгарган өзүнүн чечимине каршы чечим кабыл алды. Анда Жогорку сот Биринчи май райондук сотуна ишти жаңыдан кароого жиберген.
"Эртең биздин былтыркы доо арызыбыз кайра каралат. Эгерде Жогорку соттун коллегиясы жактоочунун тарабында турса, анда өкүм жокко чыгышы мүмкүн. Андай болсо Атамбаев кайрадан күнөөлөнүп, бирок соттолбойт. Бул өкүмдү жокко чыгаргандан кийин аталган иш боюнча баш коргоо чарасы болбошу керек", — деди Жоошев.
Ал Кой-Таш, кылмыштуу кирешени адалдоодогу коррупция сыяктуу башка эпизоддор боюнча бөгөт чарасы кабыл алынбагандыгын айтты.
Атамбаев Батукаевдин иши боюнча 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.