Пресс-борбор

Кыргызстан Казакстандан 1 000 автобус сатып алары айтылды

2022-жылы коңшу мамлекеттен ордо калаага Yutong маркасындагы дизель, газ жана электр энергиясы менен жүргөн автобустар келмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Казакстандан автобустар лизингге жети пайыз менен алып келинет. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда билдирди.
Эске салсак, бул боюнча эки мамлекет меморандумга кол койгон. Анын алкагында 2022-жылы Yutong маркасындагы дизель, газ жана электр энергиясы менен жүргөн автобустар келмекчи.
"Алар боюнча атайын келишим түзүлгөн. Мындан сырткары, беларустук жана россиялык кесиптештер менен дагы (КамАЗ, МАЗ) сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казакстан өзүнүн лизинг системасы менен коомдук транспорт берүүгө кызыкдар. Бул теңге менен жети пайыз болот деп болжолдонууда. Мындан сырткары, алар автобустарды бул жакка жеткирүү акысын өздөрү төлөөгө даяр", — деди министр.
Ал автобустарды алып келүү убактысы жана алардын баасы боюнча мэрия жооп бере турганын кошумчалады.
Пресс-борбор
Мэрия өкүлү: Бишкекке автобус сатып алууга 33 млн. евро бөлүнүшү мүмкүн