ЕАЭБде электрондук пломбаларды колдонуу боюнча келишим кабыл алынды. Бул тууралуу Максат Мамытканов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, келишимге ылайык, соода-сатык жана жүк ташып бараткан унаага электрондук пломбалар коюлат.
"Буга чейин айрым өлкөлөр Кыргызстандын бажы пунктуларын модернизациялоо боюнча өз дооматтарын коюп келген. Бул боюнча уюмга мүчө-мамлекеттерге өлкөдөгү абалды түшүндүрүп, соңунда аталган келишимдин мөөнөтүн эки жылга узартууну ЕАЭБдеги өнөктөштөр колдоду. Мындан тышкары, беш жылдан бери талкууланган келишимге 10-декабрда беш өлкөнүн жетекчилери кол коюп, чечим кабыл алышты. Эми жүк ташуу, соода-сатык жана транзиттик жүк ташыган автоунааларга электрондук пломабалар коюлат. Бул жүк ташууну тез, ыңгайлуу кылып, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтат. Негизи эле Кыргызстандын бажы тармагын тийиштүү талаптарга жеткирүү үчүн көп иштерди жасоо зарыл. Ал үчүн кадрларды окутуу, үйрөтүү, бул тармакты толугу менен санариптештирүү зарыл", — деди Мамытканов.
Ал Россия өкмөтү постторду модернизациялоого материалдык жана техникалык жардам берип жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: