ИИМдин маалымат кызматы Бишкекте интернет-дүкөндүн операторунун тапшырмасы боюнча психотроптук заттарды жашыруун жерлерге салып, акча алып турган 30 жаштагы киши кармалганын кабарлады.
Кылмыш ишине ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Биринчи май райондук ИИБдин кызматкерлери бөгөт койгон.
Шектүү ушул жылдын 21-ноябрында болжол менен саат 05:45тер чамасында 7-Апрель көчөсүндөгү Ботаникалык бакчага жакын жайгашкан каналдын жээгинде термопакеттерге салынган психотроптук затты алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн.
"Ал барсеткасындагы 15 термобаштыкты өз ыктыяры менен тапшырып берген. Психотроптук заттар салынган термопакеттер жашыруун жерге салуу үчүн даярдалып, ар бир баштыкка бир граммдан баңгизат салынган. А.Б. аттуу жаран тергөө менен кызматташууну каалаганын билдирип, буга чейин термопакеттерди жашырган даректерди көрсөтүп берген", — деп билдирди ИИМ.
Ал даректерден психотроптук заттар салынган 40 термопакет (жалпы 50 грамм) алынган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча алар мефедрон жана Альфа-PVP заттары болуп чыкты.
Учурда БМЖКККнын кызматкерлери ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар жарандарды аныктоо иш-чараларын жүргүзүүдө.