Бишкекте троллейбус жүргүнчүлөрүн Аяз ата менен Аяз кыз куттуктоодо. Сүрөт

25-декабрдан тарта Жаңы жыл каармандары автобус жүргүнчүлөрүнүн да көңүлүн ача турганы кошумчаланды. Акция 31-декабрга чейин уланат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. Бишкекте троллейбус жүргүнчүлөрүн эми Аяз ата менен Аяз кыз коштоп, келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Бишкекте троллейбус жүргүнчүлөрүн эми Аяз ата менен Аяз кыз коштоп, келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктайт

2 / 2

Билдирмеге караганда, мындай акцияны муниципалитет шаар тургундары менен коноктордун маанайын көтөрүү максатында уюштурган

Билдирмеге караганда, мындай акцияны муниципалитет шаар тургундары менен коноктордун маанайын көтөрүү максатында уюштурган.
"Аяз ата менен Аяз кыз алгач 11-маршрут менен каттаган троллейбуска түшкөн. Алар жүргүнчүлөргө ыр, бий тартуулап, сынак уюштурушкан. Балдар ыр айтып белек алышты", — деп айтылат маалыматта.
25-декабрдан тарта Жаңы жыл каармандары автобус жүргүнчүлөрүнүн да көңүлүн ача турганы кошумчаланды. Акция 31-декабрга чейин уланат.
Жомок дүйнө! Бишкектеги балатынын оту жангандагы сүрөттөр