Бишкектеги ири өрт кырсыгы. Эки жыл мурда да ушул эле кампадан өрт чыккан

Мэриянын маалымат кызматы тилсиз жоо катталган жерге мэр Айбек Жунушалиевдин барганын билдирип, ал шаардык кызматтарды чукул жыйынга чакырганын кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. Бишкектеги Тимирязев көчөсүндө жайгашкан кампада мындан эки жыл мурда да ири өрт кырсыгы катталган.
Бул маалыматты ӨКМдин өрттү алдын алуу жана өчүрүү бөлүмүнүн начальниги Урмат Сариев жана ӨКМдин маалымат кызматы да тастыктады.
Кампа 2020-жылдын 12-февралында өрттөнүп, жерине ӨКМдин өрт өчүрүүчү 10 бөлүмү тартылган. Бул ири өрт экенинен кабар берет. Аны толугу менен 13-февраль саат 11:10до гана өчүрүшкөн.
Эске салсак, бүгүн, 21-декабрда, Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде ушул эле күйүүчү май сакталган кампадан кайрадан өрт чыкты. Ыкчам медицина борборунун маалыматы боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрт чектөөгө алынды.
Мэриянын маалымат кызматы тилсиз жоо катталган жерге мэр Айбек Жунушалиевдин барганын билдирип, ал шаардык кызматтарды чукул жыйынга чакырганын кошумчалады.
Бишкектеги күйүүчү май сакталган кампадагы өрттүн асмандан көрүнүшү