Ат-Башыда каза болгон жубайлардын артында беш баласы калды. Чоо-жайы

Социалдык коргоо кызматына беш бир тууган — үч кыз менен эки эркек баланын кимдин колунда калары тууралуу маселени чечүүгө тапшырма берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы гаражда каза болгон жубайлардын артында беш баласы калды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынан айтып берди.
Алар үч кыз, эки эркек бала экени маалым болду:
16 жаштагы кыз;
15 жаштагы кыз;
10 жаштагы уул бала;
6 жаштагы кыз;
2 жаштагы уул бала.

"Өзүнүн тиричилиги бар, орто жашаган, жакшынакай эле үй-бүлө экен. Конокко бара жаткандабы же келе жаткандабы, ууланып жатат, азыр такталууда. Социалдык коргоо кызматына да тактап, балдардын кимдин колунда кала тургандыгы боюнча маселени кароо тапшырмасы берилди", — деп билдиришти райадминистрациядан.

Эске салсак, 20-декабрь күнү Ат-Башы райондук милициясына Баш-Кайыңдыда аял менен эркектин сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Ошол замат жерине ыкчам-тергөө тобу барып, айылдагы гараждын ичинде токтоп турган Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаадан 39 жана 38 жаштагы жубайлардын сөөгүн көргөн.
Таласта жол кырсыгынан 14 жаштагы балдар каза болду. Талкаланган унаанын сүрөтү