БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстан Кумтөр боюнча ишти эл аралык соттон утуп алышы толук мүмкүн. Себеби өлкөнүн экологиясы чоң зыян тарткан. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи президенти "Московский комсомолец" басылмасына курган маегинде билдирген.
Ал өлкөдөгү эки мөңгүгө калдыктар төгүлүп, эрип кеткенин белгилеген.
"Жалпы жонунан айтып кетейин. Давыдов жана Лысый деген эки мөңгү бар. Алар Борбор Азиядагы эң ири Сырдарыя менен Нарын дарыясын суу менен камсыздайт. Бул мөңгүлөргө калдыктар ыргытыла берип эритип салган, кирдеп дагы кеткен... Мында ичүүчү таза суу жөнүндө дагы кеп болуп жатат. Келечекте таза суу алтындан кымбат болот. Кыргызстан соттон утушу толук мүмкүн, кен элдин кызыкчылыгына иштейт деп үмүт артам", — деген Акаев.
Мурдагы президент Кумтөр боюнча күбө катары да, айыпталуучу катары да сурак бергенин билдирген. Анын айтымында, Бишкектин тергөөчүлөрү ага так ушул иш боюнча гана суроолорду узаткан. Акаев ага карата ачылган иштин баары жабылганын кошумчалады.
"Бул ишкана боюнча эң көп мен билем. Себеби 1990-жылдары инвесторду өзүм тапкам. Башында алар жакшы иштеди. Бирок 2000-жылдары экологияга зыян келтирип, биздин аткаминерлерди коррупцияга аралаштырып аша чаап кетишти. Ишке зыян келтирбеш үчүн башка эч нерсе айта албайм. Бирок өзүмө байланыштуу суроолордун бардыгына жооп айтып, тергөөчүлөргө эл аралык соттордо жардам бере турган маалыматтарды бердим", — деди Акаев.
"Тергөө өлкөнүн башка дагы экс-президенттеринен көрсөтмө алабы? деген суроого туңгуч президент "учурда эки экс-премьер-министрге тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат, бийлик ишти аягына чейин чыгарууга белсенип жатат" деп жооп берди.