Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Ошто жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып, Ош мамлекеттик университетине барат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Ош облусунда жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жумушчу сапарынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып, Ош мамлекеттик университетине барат.
"Ошондой эле Ош шаарын өнүктүрүү программасы жана борбордук көчөлөрдөгү транспорттук тыгындарга жол бербөө максатында иштелип чыккан унаа жолдорун куруу долбоору менен таанышат", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров Ош шаарынын тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча долбоорду карап чыгары кошумчаланды.
Ошто мыйзамсыз курулган 800 үйгө документ берүү иштери башталды. Сүрөт