Сузакта Жапаровдун кортежи үчүн элди атайын чыгарышканбы? Администрациянын жообу

Буга чейин интернетте президенттин кортежин жол боюна тизилип тосуп алган элдин видеосу жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин администрациясы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежи катышкан видео боюнча жооп берди.
Буга чейин интернетте президенттин кортежин жол боюна тизилип тосуп алган элдин видеосу жарыяланган. Анда адамдар желекче көтөрүп, кол булгалаган. Окуя Жалал-Абад облусунун Барпы айылында болгону айтылды.
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаров мындай демилгелерге каршы экенин билдирди.
"Жалал-Абад облусундагы окуяга байланыштуу бардык жагдайларды аныктоо үчүн анын ичинде жергиликтүү тургундарды мажбурлоо болгон-болбогону боюнча да кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө", — деди Султанбаев.
Белгилей кетсек, Барпы айылы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин туулган жери.
Өз убагында бүтүргүлө! Жапаров ири туннелдин курулушун барып көрдү. Сүрөт