Радио

Эгембердиев: жайытты ижарага берүүдө тобокелчилик көп

"Кыргыз жайыты" улуттук ассоциациясынын жетекчиси Абдымалик Эгембердиев жайыттарды ижарага берүү демилгеси кооптуу экенин белгиледи.
Sputnik
Жайыт ижарага берилсе ал толугу менен жеке менчикке өтүп кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Абдымалик Эгембердиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кунарсыз жайыттарды ижарага берүү аракети буга чейин эле болуп келген.
"Кунарсыз жайыттарды жеке колго берүү туура эмес. Анткени ал кыргыз элинин байлыгы. Карапайым калк илгертен бери мал чарбачылыгы менен жан багат. Ал үчүн эң маанилүү нерсе бул жайыт. Жайыттарды жарандарга берүү аракеттери мурда да болуп келген. Өкмөттүн 360-токтомунда кунарсыз жайыттарды конкурс аркылуу жарандарга берүү каралган. 2002-жылы мыйзам кабыл алынып, серепчилер, жайыт пайдалануучулардын сунушу менен бул норма жокко чыгарылган. Ага чейин Ысык-Көл жээгиндеги, Ош, Бишкек шаарларына жакын жерлерди жең ичинен сүйлөшүү аркылуу жерлерди кунарсыз деп таптырып менчикке чыгарып кетишкен. Азыркы демилге кирсе ошондой абал кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Учурда акчалуулар, мүмкүнчүлүгү барлар көп эле. Алар ошол табигый жайлоолорго кызыгып, эс алуучу жайларды курууга бел байлашы ыктымал. Анын үстүнө кунарсыз жерди 20 жылга ижарага алып, тосуп гүлдөтүп алса, кайра кайтарып бербейт. Жайлоого кетчү жолдорду тосуп, ар кандай тоскоолдуктар жаралышы ыктымал", — деди Эгембердиев.
Ошондой эле ал малдын саны өсүшүнө байланыштуу жайыттарды көбөйтүү зарылдыгы бар экенин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: