Адам баласында артериялык жана веналык кан тамырлар болот. Ал эми варикоз веналык кан тамырлардын кеңейип кетиши менен мүнөздөлөт. Варикоз дененин ар кайсы бөлүгүндө болушу мүмкүн, бирок көп учурда ал буттан кармайт. Анткени вена организмде иштетилип бүткөн кан жүрүүчү тамыр болуп эсептелет. Оорчулук түшкөндө иштетилип бүткөн кан жогору көтөрүлө албай, анын жарымы кайра артка кетип, мындан улам буттун кан тамыры кеңейип отуруп варикозго чалдыгат. Бул тууралуу Талгат Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, варикоздо бут ооруксунуп, дене табы көтөрүлүп, кечкисин буттар шишип, талып ооруйт, уктаганда булчуңдары карышып, тамыр шишиген жер көгөрүп калат.
"Варикоздо тамырлар менен веналар ашыкча кан басымынын таасири астында кеңейип кетет. Кан уюп, ткандар жетиштүү кычкылтек ала албай калат. Нерв жипчелери акырындап атрофия болуп, сезгичтик бузулат. Оору кыймылсыз, көпкө бир орунда турган же отурган адамдарда пайда болот. Мисалы, айдоочулар, алыс аймакка жүк ташуучулар, базарда иштегендер, кеңсе кызматкерлери жана эртеден кечке туруп же отуруп нөөмөттө болгондордун баарынын варикоз оорусуна чалдыгуу коркунучу бар. Төрөттөн кийин да пайда болушу мүмкүн, анткени төрөт тамырларга күч келтирет. Варикоз алгач териде жылдызча, жип түрүндө пайда болот, андан кийин буттарда түйүндөр пайда болот. Натыйжада оору трофикалык жаралардын пайда болушуна алып келет, ал туура дарылабаса майыптыкка жана буттун ампутациясына алып келет. Мындан тышкары, кан айлануу бузулгандыктан веналарда кан уюп, ал үзүлгөндө жүрөккө же өпкө артериясына кирип, оорулууну өлүмгө кептейт. Бүгүнкү күндө варикоздун оор формаларын дарылоонун көптөгөн ыкмалары бар. Хирургиялык ыкмада жабыр тарткан веналар алып салынат. Ошондой эле кичи инвазивдүү хирургия, лазердик дарылоо жана башка методдор колдонулат", — деди Осмонов.
Ал варикозду алдын алуу үчүн кечинде бутту валикке коюп газ педалын басып жаткандай, акырындык менен өйдө-ылдый кыймылдатуу керектигин жана компрессиялык байпак же колготки кийүү зарылдыгын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: