Түркия валютасы лиранын курсу кескин түшүп кетти

Узаган бейшембиде Түркиянын Борбордук банкы эсептик ченди 15тен 14 пайызга төмөндөтүү чечимин кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Түркиянын улуттук валютасынын курсу кескин түшүп кетти. Борбордук банк эсептик ченди төмөндөткөндөн кийин дүйшөмбүдө 6 пайызга арзандап, бир доллар 17,38 лира турган. Бул туурасында РИА Новости соода маалыматына таянуу менен билдирди.
Узаган бейшембиде Түркиянын Борбордук банкы эсептик ченди 15тен 14 пайызга түшүрүү чечимин кабыл алган.
Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 12:45те бир доллардын баасы 16,41ден 17,38ге өстү. Үстүбүздөгү жылдын январында лиранын курсу 7,4 болчу, азыр 17,14кө жетти. Бир жылда 55 пайыздан көбүрөөк арзандап, анын 37 пайызы акыркы айга туура келет. Лиранын куну арзандаганы эсептик чендин төмөндөтүлгөнүнө байланыштуу. Борбордук банк интервенция жүргүзөрүн айтууда.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эсептик ченди кыскартууну жактап, бул инфляцияны басаңдатууга алып келет деген пикирде. Ал 2019-жылдын июль айынан тарта Борбордук банктын башчысын үч ирет, 2021-жылдын ноябрынан бери финансы министрин эки жолу алмаштырган.
Доллар жаңы жылдан кийин кымбаттайбы? Кыргызстандагы абалга божомол