Муфтият кыз-келиндер арасында биринчи жолу куран жарышын жарыялады

Жеңүүчүлөргө жана алдыңкы орунду алгандарга кичи ажылыкка жолдомолор, кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар берилери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана "Куран Ордо" диний уюму алгачкы жолу кыз-келиндер арасында "Куран жазы" аттуу республикалык куран жарышын жарыялады. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
22-декабрь күнү аймактарда тандоо туру уюштурулуп, жеңүүчүлөр финалга жолдомо алышат. Финал 26-декабрь, жекшемби күнү, Бишкектеги Борбордук мечитте өтмөкчү.
Жеңүүчүлөргө жана алдыңкы орунду алгандарга кичи ажылыкка (умра) жолдомо, кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар берилери айтылды.
Катышуучулар кошумча суроолор боюнча 0770 644 438, 0777 879 501, 0505 286 818 номерлерине байланышса болот.
Ош облусунда имамдардын билим деңгээли жогорулатылып жатат. Сүрөт