Жакшылап кургат! Кышкысын автоунааны кантип туура жууш керек

Адис автоунааны сыртта абанын температурасы -5 градустан өйдө болгон учурда гана тазалатуу керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жай мезгилине караганда кышында автоунааны туз жана химиялык реагенттерден коргоп туруу үчүн көбүрөөк жууп туруу керек. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине автоунаалар боюнча сайттын эксперти Дром Игорь Олейников билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ошол эле учурда автоунааны өтө суукта жуубаш (жуудурбаш) керек. Бул автоунаанын лакталган бөлүктөрүнө жана башка желим компоненттерине терс таасирин тийгизиши ыктымал", — деген Олейников.
Адис автоунааны сыртта абанын температурасы -5 градустан өйдө болгон учурда гана тазалатуу керектигин айткан. Жууп бүткөн соң аны жакшылап кургатып, кулпуланган жерлерин да тазалоо зарылдыгы кошумчаланды.
Билип алсаң башың оорубайт. Айдоочулар үчүн 4 лайфхак