Кыргызстанда сүт өндүрүү өткөн жылга салыштырмалуу көбөйдү

Айыл чарба министрлиги сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында жогорулаганы, бул саан уйдун башынын көбөйгөнү менен байланыштуу экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл өткөн жылга салыштырмалуу сүт өндүрүү 28,8 миң тоннага көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ушул жылдын январь-ноябрь айларында республика боюнча 1582,7 миң тонна сүт өндүрүлдү. Былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 28,8 миң тоннага, же болбосо 1,9 пайызга көбүрөөк болгон.
Сүт өндүрүү республиканын бардык облустарында жогорулаганы, бул саан уйлардын көбөйгөнү менен байланыштуу экени кошумчаланды. Тагыраагы, быйыл уй 19,7 миң башка көбөйдү.
Ар бир короо текшерилет! Кыргызстанда мал-жандыкты саноо башталды