БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кыргызстанга 70 миң тоннага чейинки кумшекер менен чийки кантты бажы төлөмүсүз ташып келүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Евразия экономикалык комиссия кеңешинин 2-декабрда "Ак кантка жана чийки камыш кантына карата Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" чечими кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагына аталган азыкты бажы төлөмүсүз ташып келүүгө болот.
"2022-жылдын январь айынын соңунда ак кантты жана чийки кантты алымсыз ташып келүү көлөмү арыз ээлери арасында бөлүштүрүлөт деп болжолдонууда", — деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалымат үчүн министрликтин ЕАЭБ иштери жана БДСУ маселелери боюнча бөлүмүнө +996312623644, +996557557529 телефон номерлери аркылуу кайрылууга болот.