Радио

Кенжеев: 29-декабрдан баштап Россияга кирүү мыйзамы өзгөрөт

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин III катчысы Назарбек Кенжеев Россияга кирүүдө эмгек мигранттары үчүн эки жаңы мыйзам иштей баштаарын айтты.
Sputnik
Ушул жылдын 29-декабрынан тарта чет элдик жарандарга, анын ичинде Кыргызстандан барган эмгек мигранттарына да Россияга кирүүдө федералдык мыйзам күчүнө кирет. Алар "Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук жобосу" жана "Россия Федерациясында мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү" федералдык мыйзамдары. Бул тууралуу Назарбек Кенжеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган эрежелер мыйзам күчүнө кирген учурда Россияда жүргөн чет элдик жарандарга тиешеси жок.

"Ушул жылдын 29-декабрынан тарта Россия Федерациясына барган чет элдик жарандар үчүн эки федералдык мыйзам иштей баштайт. Алар аталган өлкөдө чет элдик жарандардын укуктук жоболору жана дактилоскопиялык каттоодон өтүү. Башкача айтканда, чет элдик, анын ичинде кыргызстандык жарандар Россиянын аймагына киргенден кийин баңгизатты же психотроптук каражаттарды дарыгердин сунуштамасы жок өз алдынча колдонгон-колдонбогонун текшерүүдөн өткөрүү. Ошондой эле коомчулукка коркунуч жараткан инфекциялык ооруларынын бар-жогун, ВИЧке кабылган-кабылбаганын аныктоочу медициналык кароодон өтүүсү талап кылынат. Бул справкаларды өлкөгө киргенден тарта 30 календарлык күндүн ичинде тапшыруусу зарыл. Аталган медициналык документтерди ички иштер сферасындагы аткаруу бийлигинин федералдык органынын аймактык бөлүмүнө же болбосо мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталы аркылуу электрондук формада тапшыруу керек. Мындан сырткары, ведомстволордун алдындагы же ыйгарым укуктуу уюмдарга да өткөрүп берсе болот", — деди Кенжеев.

Ал бул учурда Россияда жүргөн чет элдиктер бир жылдан кийин аталган мыйзамды аткарууга милдеттендирилерин кошумчалады.