БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Роспотребнадзордун Эпидемиология боюнча борбордук илимий институтунун директорунун орун басары Александр Горелов кишинин "дельта" менен "омикронду" бир учурда жугузуп алышы да мүмкүн экендигин айтты. Бул туурасында Sputnik радиосу кабарлады.
Учурда Россияда Түштүк Африкадан "омикрон" жуктуруп келген 16 киши дарыгерлердин байкоосунда турат. Кечээ Россиянын Илимдер академиясынын сессиясында алардын абалы боюнча өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Анна Попова маалымат берди.
Sputnik радиосу Гореловдун "Биринчи каналдагы" сүйлөгөнүн, бейтаптардын арасында абалы оорлору жок экендигин айтканын билдирди.
"Кишилер Түштүк Африкадан алып келген штамм жөн эле айтылган нерсе эмес, ал тастыкталды. Алардын абалы ишеним берип жатат. Ал эми эки штамм - "дельта" жана "омикрон" менен ооруп калуу, инфекциянын аралашып кетүүсү турмуш чындыгы болуп бара жатат. Бул ар бир сезон сайын кездешкен респиратордук инфекциянын мисалынан улам жакшы белгилүү. Алардын бири-бири менен аралашып (микст-инфекция) жүргөн 250 түрү белгилүү. Ар бир сезондо бейтаптардын төрттөн бир бөлүгү ооруканага түшүп же медициналык жардамга кайрылып, өтө так ыкмалар менен жасалган дарт дабасын аныктоодо эки же үч оору козгогуч табылат", — деген Горелов.
Анын айтымына караганда, инфекциялар аралашып кеткен бейтаптарда жеңилдеп калган клиникалык белгилер байкалат.
"Адатта бейтапта үч абалдын бири болушу мүмкүн. Ал – инфекциялар бири-бирин алсыратат же күчөтүп жиберет, ал тургай бири-бирин байкабай калган да учурлар кездешет. Эгерде адаттан тышкаркы нерсе байкалса, кайрадан изилдөө жүргүзүлөт", — деп белгилеген эпидемиолог.
Ал COVID-19 пандемиясы каптап турган учурда кандай гана респиратордук инфекциядан дарылап жатпасын, коронавирусту да көңүлдүн сыртынан чыгарбай туруп карашат.
"Башкысы "омикронду" таап чыккан ПЦР иштеп жатат. Инфекциялар аралашып кеткен учурлар болгон, ал Россияда да байкалууда. Санкт-Петербургда жакында болуп өткөн Роспотребнадзордун конференциясында "омикрондун" респиратордук башка вирустар менен көп учурда аралашып кеткени, ал эми грипп менен мындай процесс сейрек болгону айтылган", — деп тактаган Горелов.
Буга чейин Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борбору "Спутник V" жана "Спутник Лайт" вакциналарын "омикрон" штаммына каршы пайдалануу канчалык майнаптуу болорун айткан.