Бишкекте дагы эки маршрутканын каттаган жолу өзгөртүлдү

Буга чейин коомдук транспорттордун каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин кароо боюнча комиссия түзүлгөн. Ал маршрутканын каттамын ушуну менен экинчи ирет өзгөртүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкекте эки маршруттун схемасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Коомдук транспорттордун каттамдарын ачуу, жабуу жана өзгөртүү маселелерин кароо боюнча комиссия түзүлгөн. Анын курамына Кайгуул милициясынын, Автоунаа, суу транспорту жана салмак-тыш көзөмөл агенттигинин, Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорту ишканасынын жана акимчиликтин өкүлдөрү кирген.
Комиссиянын жыйынында эки чечим кабыл алынган. Ага ылайык, № 106 маршруттун схемасы жарым-жартылай өзгөрүп, Гагарин — Шота Руставели — Жаманбаев — Чыңгыз Айтматов көчөлөрү менен каттап, андан ары мурдагы схема менен кетет.
Ал эми № 169 маршруттун схемасы Жаңы Доор көчөсүнө чейин узартылып, андан аркысы өзгөрүүсүз калды.
Буга чейин дагы эки маршрутканын каттаган жолу өзгөртүлгөн.
Дароо эле "уяты жок" дешет. Маршруткадагы жанды кашайткан жоруктар