Айлыкты жогорулатабыз. Жапаров Жалал-Абаддагы ооруканага барды

Өлкө башчы ушул тапта Жалал-Абадды кыдырууда. Ал медициналык мекеменин жаңы имаратын көрүп, дарыгерлер менен баарлашты.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абадга болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 8

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абадга болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына барды

2 / 8

Жапаров облустун калкына адистештирилген медициналык жардам көрсөткөн мекеменин жаңы имаратын, палаталарын жана операция жасоочу бөлүмүн көрүп чыкты

3 / 8

Бул 100 кишиге эсептелген жаңы корпуста төрт бөлүм (жаак-бет, ЛОР, көз, урология) бар

4 / 8

Президент оорукананын жамааты менен баарлашуу маалында эки жылдан бери коронавирус менен күрөшүп келе жаткан медицина кызматкерлеринин талыкпаган эмгегин белгилеген

5 / 8

Президент белгилегендей, келерки жылы бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда

6 / 8

Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашуу учурунда "Ден соолук кербени" көчмө медициналык комплекстери бажы жол-жоболорундагы көйгөйлөрдөн улам аймактарга чыга албай жатканы белгилүү болгон

7 / 8

Буга байланыштуу президент облустагы көчмө медициналык комплекстердин мындан аркы иштеши үчүн бардык бажы процедураларынан өтүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырган

8 / 8

Учурда Жалал-Абад облусунун тургундарына жалпысынан 418 мекеме медициналык жардам көрсөтүүдө.

Жапаров облустун калкына адистештирилген медициналык жардам көрсөткөн мекеменин жаңы имаратын, палаталарын жана операция жасоочу бөлүмүн көрүп чыкты. Бул 100 кишиге эсептелген жаңы корпуста төрт бөлүм (жаак-бет, ЛОР, көз, урология) бар.
Президент оорукананын жамааты менен баарлашуу маалында эки жылдан бери коронавирус менен күрөшүп келе жаткан медицина кызматкерлеринин талыкпаган эмгегин белгилеген.
"Оорулардын саны азайып жатканы кубандырат, статистикада 40-50 учур болууда. Биз сиздердин эмгегиңиздерди баалайбыз, сиздер жок бул ооруну жеңе албайбыз. Акыркы эки жылда коронавирус биздин медицинанын абалын, эмненин үстүндө иштөө керектигин, эмне жетишпей жатканын көрсөттү. Ошондуктан колубуздан келишинче ооруканалардын жаңы имараттарын, айылдарда ФАПтарды куруп жатабыз. Албетте, бардыгын бир заматта жасап салгың келет. Бирок бүгүн мамлекеттин андай мүмкүнчүлүгү жок. Акыркы 10 жылда биз артка кеттик. Эми гана бутубузга туруп жатабыз, өлкө бюджети профицит менен чыкты. Бизди жаңы басып жаткан балага салыштырса болот. Бизди жакшы келечек күтүп турат", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы бул жаатта кадрлардын жетишсиздигине, өзгөчө айылдарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетпей жатканына токтолгон. Көпчүлүгү айлык маянанын аздыгынан чет өлкөгө иштегени кеткен.
Президент белгилегендей, келерки жылы бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда.
Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашуу учурунда "Ден соолук кербени" көчмө медициналык комплекстери бажы жол-жоболорундагы көйгөйлөрдөн улам аймактарга чыга албай жатканы белгилүү болгон. Буга байланыштуу президент облустагы көчмө медициналык комплекстердин мындан аркы иштеши үчүн бардык бажы процедураларынан өтүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырган.
Учурда Жалал-Абад облусунун тургундарына жалпысынан 418 мекеме медициналык жардам көрсөтүүдө.
Садыр Жапаров Жалал-Абадда курулган УКМКнын жаңы имаратын ачты