Садыр Жапаров быйыл кирешеси көбөйгөн мамлекеттик ишканаларды атады

Өлкө башчы кээ бир компаниялардын жетекчилери алмашып, коррупциялык схемалар жоюлгандан кийин пайда түшө баштаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылы айрым мамлекеттик ишканалардын кирешеси көбөйдү. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунун жашоочулары менен жолукканда билдирген.
1 / 3

Кыргызстанда ушул жылы айрым мамлекеттик ишканалардын кирешеси көбөйдү. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунун жашоочулары менен жолукканда билдирген

2 / 3

Президент фермерлерди жана дыйкандарды үч жылга жер салыгын төлөөдөн бошотконун эске салып, келерки жылы дыйкандарга 6 пайыз менен насыя берилерин белгилеген

3 / 3

Ошондой эле быйыл кирешеси көбөйгөн ишканаларды атаган. Өлкө башчы мисал катары быйылкы жылдагы таза кирешеси 1,5 миллиард сомду түзгөн "Мегаком" мамлекеттик ишканасын айткан.

Президент фермерлерди жана дыйкандарды үч жылга жер салыгын төлөөдөн бошотконун эске салып, келерки жылы дыйкандарга 6 пайыз менен насыя берилерин белгилеген.
Ошондой эле быйыл кирешеси көбөйгөн ишканаларды атаган. Өлкө башчы мисал катары быйылкы жылдагы таза кирешеси 1,5 миллиард сомду түзгөн "Мегаком" мамлекеттик ишканасын айткан.

"Салыштыра кетсек, мурда анын таза кирешеси 2-3 миллиард сом болсо, эки-үч жылдан кийин 500 миллионго чейин түшүп калган. Жаңы жетекчиге компаниянын кирешесин кеминде 1,5 миллиард сомго жеткирүү талабы коюлуп, болбосо кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилген. Жыйынтык бар, демек, буга чейин уурдап келишкен. Ал эми "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасына келсек, мурда чыгаша менен иштечү, азыр таза кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомду түзөт. Жаңы жетекчи ишкананы модернизациялоону колго алды", — деген Жапаров.

Ошондой эле "Кыргыз Петролеум компани" ЖАКсы былтыр 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, быйыл ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түзгөнүн кошумчалаган.
Өз убагында бүтүргүлө! Жапаров ири туннелдин курулушун барып көрдү. Сүрөт