Валентина Шевченко Искусство университетинин ардактуу профессору болду. Сүрөттөр

Валентина Шевченко социалдык тармактарга ардактуу профессор наамынын ыйгарылышы өтө маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко Facebook баракчасына Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз улуттук искусство университетинин ардактуу профессору наамына ээ болгонун жазды.
Атактуу спортчу наамды өтө олуттуу кабыл алганын белгилеген.
"Кечээ мен мындан 13 жыл мурун кинорежиссер адистигине ээ болгон өзүмдүн университетиме бардым. Окутуучуларга жана ректоратка Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз улуттук искусство университетинин ардактуу профессору наамын ыйгарганы үчүн ыраазычылык билдирем", — деп жазган Шевченко.
Буга чейин Sputnik агенттиги кыргызстандык чемпион менен эксклюзивдүү маек курган.
Эже-сиңди Шевченколорду таптаган Павел Федотов менен эксклюзивдүү видеомаек
Мени "алтын кыз" дешти. Шевченко менен Көл жээгинен эксклюзивдүү видеомаек