БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкектеги соода-борборлордун биринин маңдайындагы "Даңк аллеясына" Кыргызстандан чыккан UFC чемпиону Валентина Шевченкого арналган жылдызча пайда болду. Бул тууралуу спортчу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Мушкер кыз жылдызчасын өзү ачып, биринчилерден болуп кармап көргөн. Андан кийин күйөрмандары менен жолугушуу өткөргөн. Кадрлардан Валентинанын Юлия Руцкая "Аппак сүйүү" аттуу ырын ырдап жатканда бийлегенин да көрүүгө болот.
"Даңк аллеясында" өлкөнү ар тараптан тааныткан инсандардын аты жылдызчаларга түшүрүлүп келет.
Өлкөнүн сыймыктуу кызы Валентина Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен мекенине 21-ноябрда келген. Алар Бишкектен сырткары Ысык-Көлдө жана Ошто болуп, жолугушууларды өткөрүп, иш-чараларга катышып жатышат.