Радио

Токтомаметов: окуу китептери экспертизадан өткөрүлөт

Билим берүү министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов окуу китептерин чыгаруу тартиби тууралуу айтып берди.
Sputnik
Окуу китептериндеги каталарды болтурбоо үчүн илимий, илимий-практикалык жана гендердик экспертизадан өткөрүлөт. Бул тууралуу Алмаз Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу китептериндеги каталар негизинен басмалардын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам болгон.
"Окуу китептеринен каталар чыкканын моюнга алуу зарыл. Өлкөдө 33 наамда 3 миллионго жакын китеп чыгарылат. Ачык айтылбаганы менен бул тармакта ички тиреш бар экенин коомчулук билиши шарт. Биз улуттук окуу китебин чыгарууну жолго салабызбы же "колубуздан эч нерсе келбейт" деп сыртка беребизби деген суроо турат. Министрликте бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча бир топ талкуулар болуп, натыйжада "Окуу китеби" республикалык илимий-практикалык борбору түзүлдү. Эгерде мурда окуу китебине бир экспертиза жүргүзүлүп, анан апробацияланса, азыр үч экспертизадан кийин апробациядан өтөт. Окуу китепте фактылардан, мыйзамдардан ката кетпегени илимий, ал эми анын стандарттарга, программага туура келери илимий-практикалык экспертизада каралат. Мындан тышкары, гендердик экспертизада китепте жалаң кыздар же балдар чагылдырылбаганы, зордук-зомбулукту көрсөткөн жагдайлар орун албаганы аныкталат", — деди Токтомаметов.
Ошондой эле ал ар бир китеп чыкканда мугалимдерди окутуу зарылдыгын кошумчалады.