Мигранттар Кыргызстанга 2,3 млрд. долларга чукул акча которгон. 10 айдын эсеби

2020-жылдын январь-октябрь айларында республикага 1 миллиард 959 миллион доллар келип түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын көрсөткүчү бир топ жогору.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. 2021-жылдын январынан октябрына чейин Кыргызстанга 2 миллиард 284 миллион 650 миң сом которулгандыгын Улуттук банк билдирди.
Кеп акча которуу системасы аркылуу салган жеке жактар туурасында болууда.
Өткөн жылдын 10 айында өлкөгө 1 миллиард 959 миллион доллар келип түшкөн. 2020-жылдын башында өнөктөш өлкөлөр пандемиядан улам чектөө киргизгендиктен акча көлөмү азайган.
Эгерде ар кыл жылдардын 10 айлык жыйынтыгын карап көрсөк, бул сумма рекорддук көрсөткүч экенин байкоого болот. Экинчи орунда 2018-жылдын январь-октябрь айлары, анда 2 миллиард 242,7 миллион доллар которулган.
Мигранттардын чет өлкөлөрдөн жиберген акчасы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бирин түзөт.
Мигранттардын акчасы өлкөдөгү жакырчылыкка канчалык таасир этет. Статистика