COVID инфекциясын эки бейтап жеңе албай калды, 32 киши жуктурду. Соңку маалымат

Учурда ооруканада 301 бейтап дарыланууда, анын 138и оор жана 20сы өтө оор абалда, калгандары орто жана канааттандырарлык абалда экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада COVID инфекциясы 32 кишиден аныкталып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек — 20;
Чүй — 1;
Ош облусу — 1;
Жалал-Абад — 7;
Баткен — 3.
Пандемиядан бери баш-аягы 184 195 адам ооруду.
Көз жумган эки бейтап Бишкек менен Чүйдөн катталды. Коронавирус инфекциясы ушуну менен жалпы жонунан 2 783 кишинин өмүрүн алды.
Өткөн суткада 35 бейтап айыгып, жалпы сакайгандар 179 282 болду.
Учурда ооруканада 301 бейтап дарыланууда, анын 138и оор жана 20сы өтө оор абалда, калгандары орто жана канааттандырарлык абалда экени айтылды. Ал эми амбулатордук дарыланууда 346 бейтап бар.
Байсалов: январдын ортосунда "омикрон" штаммынын келишин күтүп жатабыз