Ичимдик ичкендин эртеси кээ бирлер эмнеге ооруп калат? Дарыгердин түшүндүрмөсү

Дарыгер спирт ичимдиктерин ач карын, тыным албай бат-баттан, көп өлчөмдө жана алкоголдорду аралаштырып ичүү организмди ууланууга алып келерин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Эндокринолог, диетолог жана нутрициолог Елена Евдокимова "Известия" агенттигине айрым адамдар ичимдик ичкенден кийин эртеси өзүн начар сезип, ал эми кээ бирлери эмнеге кыйналбай турганын айтып берди.
Адис белгилегендей, бул нерсе организм алкоголду кантип таратып жана чыгара турганы менен байланыштуу.
"Бирдей өлчөмдө спирт ичимдиктерин ичкендер өздөрүн ар башка сезет. Адатта зат алмашуусу начар адамдар ооруп калат. Алардын көңүлү айнып, тердеп, башы ооруп, ичи өтүп, чыйрыгат", — деген Евдокимова.
Дарыгер бул симптомдордон арылуу үчүн суюктукту көп ичүүнү сунуштаган. Алкоголь кандагы канттын деңгээлин түшүрүп салат, ошондуктан эртең менен баш ооруса жемиш ширесин же таттуу чай ичүү керек.
Адис баш ооруу синдромун көбүнчө кара өңдөгү спирт ичимдиктери, мисалы, виски, текила жана коньяк чакырарын айткан. Анткени аларда этанолдон сырткары организмге уулуу болгон метанол дагы бар.
Ошондой эле дарыгер спирт ичимдиктерин ач карын, тыным албай бат-баттан, көп өлчөмдө жана алкоголдорду аралашырып ичүү организмди ууланууга алып келерин эскертти. Андан боор, мээ, ашказан, өт жабыркап, өнөкөт оорулар жаралат.
Үч апта алкоголь ичпеген кыз ашыкча салмактан арылган