Баткен: жаңжалда жабыркаган ишкерлер 200 миң сомдон компенсация, насыя алууда

Жаңжалда жабыркаган 76 ишкерге насыя берүү каралган, ал эми компенсациянын жалпы суммасы 14,5 миллион сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жабыр тарткан Баткен жана Лейлек райондорундагы 52 ишкер мамлекеттен 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку компенсация алды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Ошону менен бирге эле 44 ишкерге 200 миң сомдон жеңилдетилген бюджеттик кредит берилген.
Министрлик жалпы жонунан жабыркаган 76 ишкерге насыя берүү каралганын белгиледи. Ал күрөөсүз, 0,1 пайыздык коюм менен үч жылдык мөөнөткө берилет. Ал бир жолку төлөнүүчү компенсациянын жалпы суммасы 14,5 миллион сомду түзөт.
Мындан сырткары, азыркы тапта министрлер кабинети тарабынан бекитилген Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасы жана Жол картасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүрүп жатканы маалымдалды.
Баткенде чек ара чырында талкаланган 7 соцобъект курулуп, оңдолуп бүттү
Президент Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткенге инвестиция салууга чакырды