Баш айланса кулакты да текшертип көрүү керек. Адис байланышын түшүндүрдү

Мясниковдун айтымында, көпчүлүк кулак бир гана угуу үчүн берилген орган деп эсептейт. Бирок кулактын баштын ичиндеги бөлүгү организмге бир топ таасир этет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Баштын бат-баттан айланышы кулак оорусунан дагы кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников билдиргенин РИА Новости жазды.
"Көпчүлүк кулак бир гана угуу үчүн берилген орган деп эсептейт. Бирок кулактын баштын ичиндеги бөлүгү организмге бир топ таасир этет. Мисалы, кулку тереңирээк жагында чогулуп калса, рецепторлорду кысып, мындан улам баш тегеренет. Андыктан баш айланганда дароо неврологго барбай, алгач лор дарыгерге кайрылып көрсө болот", — дейт Мясников.
Анткен менен ал бардык эле лор дарыгерлер муну дарылоонун жол-жобосун биле бербесин кошумчалады.
"Албетте буга дары-дармектин кереги жок. Болгону өтө чуңкур жайгашкан кулку чыгып же бери жакындаш үчүн бейтапты атайын бир абалда жаткырып коюу керек", — деди адис.
Буга чейин неврологдор баштын айлануусу организмдеги дагы кайсы көйгөйдөн кабар берерин түшүндүрүшкөн.
Дарыгер антибиотик кайсы учурда таптакыр жардам бербесин айтты