РФтин аскер учактары Кабулдагы кыргызстандыктарды Москва облусуна алып келди

Россиянын аскердик-транспорттук учактары 200 кишини коопсуз жайга көчүргөн, алардын канчасы Кыргызстандан экени белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлигинин учактары Афганистандан эвакуацияланган жарандарды, анын ичинде кыргызстандыктарды Москва облусуна алып келди. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.
Аскердик-транспорттук Ил-76 учактары 200 кишини коопсуз жайга көчүргөн. Алардын канчасы Кыргызстандан экени белгисиз. Жүргүнчүлөр бажы жана коронавируска каршы текшерүүлөрдөн өтүп жатат.
РИА Новостинин Telegram каналы "Чкаловский" аэродромунда кишилер учактан түшүп жаткан видеону жүктөдү.
Буга чейин Россиянын Афганистанга гуманитардык жардам жеткирип барган үч учагы Кабулдан кетүүнү каалаган адамдарды алып чыкканы айтылган. Алардын арасында Кыргызстандын дагы жарандары бар экени маалым болгон.

"Президент Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Россиянын, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин (Кыргызстан) жарандарын жана Россиянын окуу жайларында билим алып жаткан афган студенттерин Афганистандын аймагынан эвакуациялоо боюнча кезектеги иштер уюштурулду. Бул үчүн үч учактан турган авиациялык топ түзүлгөн", — деп жазылган РФтин Коргоо министрлигинин сайтында.

26-августтан 1-декабрга чейин аскердик-транспорттук авиация Россия, Беларусь, Кыргызстан, Армения, Украина жана Афганистандын 770 жаранын коопсуз жайга алып келип, 100 тонна гуманитардык жардам жеткирген.
Кыргызстан Бишкекте Афганистанды изилдөө борборун ачууну ЕККУга сунуштады