БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анда Жапаров мамлекеттин жана элдин коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер ар тараптан колдоого алынып, тиешелүү шарттар менен кошо социалдык кепилдиктер берилиши зарылдыгын айткан.
Ошону менен бирге ал иштин көлөмүнө, аткарган кызматынын оордугуна жараша шарт түзбөй туруп, кызматкерлерден кандайдыр бир натыйжаларды, ийгиликтерди талап кылуу адатынан арылуу керектигине токтолду.
"Өлкөнүн жана УКМКнын жетекчилиги мындан ары да күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, ар бир кызматкердин толук кандуу иштешине колдоо көрсөтөт. Биз өлкөбүздүн улуттук коопсуздугуна кылдай зыян келтириши мүмкүн болгон жагдайларды дагы көз жаздымда калтырбашыбыз зарыл", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент УКМКнын кызматкерлери үчүн Бишкекте жана Жалал-Абадда көп батирлүү үйлөрдү, аймактардагы бөлүмдөргө жаңы имараттарды, заманбап жабдуусу менен аскердик-медициналык борборду жана кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн эс алуу базаларын куруу боюнча пландарын айтып берген.
Андан соң Жапаров башкармалыктын эки кабаттуу имаратын, иш орундарын, медициналык пунктун көрүп чыкты.
УКМК Жалал-Абад шаарындагы административдик имараты 1934-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен бир топ көйгөйлөр болуп келгенин белгиледи. Буга байланыштуу бардык талаптарга жооп берген жаңы имарат куруу зарылчылыгы келип чыккан. Анын ичинде керектүү заманбап жабдуулар, кызматкерлер үчүн эмеректер коюлуп, иштөө шарттары стандарттарга жооп берет.
Облустук атайын кызматтардын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана чыңдоо иштери улантылары айтылды.