Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт

Жарлыктын алкагында транспорттук, коммуналдык жана башка туризм чөйрөсүнө тартылган инфратүзүмдөрдү жакшыртуу каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Максаты — туристтик тармактын субъектилерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү реконструкциялоо жана өнүктүрүү. Анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөр да бар. Ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу көздөлүп жатат.
Анын алкагында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт.
Ошондой эле министрлер кабинетине "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" мамлекеттик мекемесин түзүү, Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Мэрия Ош шаарын даңазалап, туристтерди чакырган роликтерди жарыялады
Жазында бардык туристтик аймактардын жолу оңдолот. Акылбек Жапаровдун убадасы