Айдоочу мас болчу. "Тазалыктын" кызматкери көз жумган кырсыктын чоо-жайы

Т.Н. аттуу 45 жаштагы айдоочу Масалиев көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан. Милициянын маалыматы боюнча, ал кызуу болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери каза болгон жол кырсыгынын чоо-жайын айтып берди.
Көчө шыпырып иштеген адамдын көз жумганы бүгүн эртең менен маалым болгон.
Кайгуул милициясынын билдиргени боюнча, авария Масалиев көчөсүндө (Түштүк магистраль) болжол менен саат 1.20да катталган.
"Т.Н. аттуу 45 жаштагы жаран Honda CR-V автоунаасы менен Масалиев көчөсүнөн батышты көздөй бара жаткан. "Ала-Тоо" ресторанынын тушунан "Тазалыктын" 61 жаштагы Т.Ш. аттуу кызматкерин койдуруп, ал мүрт кеткен. Айдоочунун ичимдик ичип алганы аныкталды", — деди башкармалыктын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу.
Автоунаа айып короого токтотулду, Экспертизалар дайындалып, тактоо иштери жүрүп жатат.
Ал арада Бишкек мэриясы маркумдун бүлөсүнө 50 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Шаар башчысы Айбек Жунушалиев каргаша боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
Бишкектин түштүгүндө үч автоунаа кагышты. Үрөй учурган жол кырсыктын видеосу
Бишкектин четинде мас айдоочу эки кызды коюп кетти. Күбөнүн видеосу