Таласта жол кырсыгынан 14 жаштагы балдар каза болду. Талкаланган унаанын сүрөтү

Куткаруучулар балдарды чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Бирок алар ооруканага жетпей көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Талас районунун Чат-Базар айылында жол кырсыгынан 14 жаштагы өспүрүм балдар каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
1 / 3

Талас районунун Чат-Базар айылында жол кырсыгынан 14 жаштагы өспүрүм балдар каза болду

2 / 3

Билдирмеге караганда, Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол четиндеги тосмону сүзгөн

3 / 3

Кырсык кечээ, 17-декабрда, Суусамыр — Талас — Тараз жолунда болгону айтылды

Билдирмеге караганда, Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсык кечээ, 17-декабрда, Суусамыр — Талас — Тараз жолунда болгону айтылды.
ӨКМдин куткаруучулары унаага кыпчылып калган 14 жаштагы эки өспүрүм баланы чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Бирок алар ооруканага жетпей каза болуп калган.
Бишкектин четинде мас айдоочу эки кызды коюп кетти. Күбөнүн видеосу
Бишкектин түштүгүндө үч автоунаа кагышты. Үрөй учурган жол кырсыктын видеосу