Милиция: экстремисттик материалдарды таратты делип таластык аял кармалды

Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын көз карашын чагылдырган материалдарды жарыялоо боюнча кылмыш иши 2021-жылдын 15-октябрында козголгон. Шектүү эми колго түшүрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Тыюу салынган экстремисттик материалдарды таркатууга шектелген адам Талас облусунда кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер бөлүмүнөн кабарлады.
Маалыматка караганда, интернет колдонуучулардын бири Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын көз карашын чагылдырган материалдарды жарыялаганы аныкталып, бул факты 2021-жылдын 15-октябрында КР Жазык кодексинин 315-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча каттоого алынган.
"Материалдарга тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир"* диний-экстремисттик уюмунун көз карашын колдогон материал экендиги аныкталган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Кийин колдонуучунун ким экени аныкталып, 1971-жылы туулган Ш.Л. Талас облусунан кармалган.
Учурда териштирүү иштери уланууда.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.
УКМК мигранттардын балдарын окуткан экстремисттик топту кармады. Видео