Садыр Жапаров бүгүн-эртең Жалал-Абад облусун кыдырат

Мамлекет башчысы бир катар объектилердин ачылыш аземине катышып, курулуштардын жүрүшү менен таанышары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 18-19-декабрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сапардын алкагында өлкө жетекчиси бир катар объектилердин ачылыш аземине катышып, өнөр жай ишканаларынын иши жана жол курулушунун жүрүшү менен таанышат.
Ошондой эле облустук клиникалык оорукананын мисалында облустагы медицинанын абалын көрөрү күтүлүүдө.
Сапар инибиздин аттарыбы? Жапаровдун 17 миң евролук экспонатты көргөн видеосу
Жалал-Абаддагы оорукананын инфекциялык бөлүмү 16 млн. сомго оңдолууда. Сүрөт