Мекенге куса болуп иштөө кандай экенин жакшы билем. Жапаров мигранттарга кайрылды

Өлкө башчысы кыргызстандыктар чет өлкөлөрдүн эмгек рынокторунда өз потенциалын толугу менен ишке ашыруу үчүн бир эле убакта ар түрдүү багыттарды өздөштүрүүсү керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Мамлекеттин алдында турган орчундуу маселелердин бири — эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Мигранттардын эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусунда айтылган.
"Сиздер чет жерде Мекенге болгон кусалыкка карабай, ата-эне, үй-бүлө багуу максатында кара жанды карч уруп иштеп келесиздер. Мигрант болуп бөтөн жерде, бөтөн элде иштөө кандай кыйынчылыктар менен коштолорун жакшы түшүнөм. Так ушундан улам президент болуп шайлангандан кийинки алгачкы кадамдарымдын бири катары "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол койгом", — деген Жапаров кайрылуусунда.
Ошондой эле ал кайсы гана тармак болбосун, мамлекет өз кесибинин мыктыларын кармап калууга тийиш экенин эске салды.
"Дал ушул себептен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги түзүлүп, бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууда. Дагы бир орчундуу маселе — эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо. Мындай маанилүү маселени көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Миграцияга чыгуу жолдорун иретке келтирүү, мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу менен коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин негизги милдети болушу кажет", — деди президент.
Садыр Жапаров мигранттардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты
Мындан тышкары, өлкө башчысы кыргызстандыктар чет өлкөлөрдүн эмгек рынокторунда өз потенциалын толугу менен ишке ашыруу үчүн бир эле убакта ар түрдүү багыттарды өздөштүрүүсү керектигин айтты.
Сөзүнүн соңунда Жапаров чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө чың ден соолук, бакубат жашоо каалады.
Белгилей кетсек, 18-декабрь — мигранттардын эл аралык күнү.
Садыр Жапаров 9 гол киргизип мыкты чабуулчу болду. Турнирдин урунттуу учурлары