Садыр Жапаров жакынкы жылдары кандай ишканалар иштей баштаарын айтты

Өлкө башчысы жакынкы келечекте бир катар ишканалар эшигин ачарын белгилеп, бул долбоорлорго билимдүү, тажрыйбалуу, заманбап технологиялар менен иштөөгө жөндөмдүү адистер талап кылынарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Учурда өнөр жайды калыбына келтирүү жана жаңы ишканаларды ачуу иштери жүргүзүлүп жатат. Жакында аларга билимдүү, тажрыйбалуу адистер талап кылынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун мигранттарга кайрылуусунда айтылган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 18-декабрда, Мигранттардын эл аралык күнү белгиленип жатат.
"Бүгүн өнөр жайды калыбына келтирүүгө абдан көңүл бурулууда, ишкана ачуу жаатында бир катар иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Маселен, Кара-Балта килем комбинаты кайра жандандырылып, ишке киргизилүүдө. Жакынкы жылдарда жер-жерлерде индустриалдык, алардын арасында машина-трактордук, парктарды, пахта-текстиль кластерин жана фабриканы иштетүү аракеттери бар", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал бул долбоорлорго билимдүү, тажрыйбалуу, заманбап технологиялар менен иштөөгө жөндөмдүү адистер талап кылынарын кошумчалады.
Мекенге куса болуп иштөө кандай экенин жакшы билем. Жапаров мигранттарга кайрылды