Россиянын үч учагы Кабулдан элди алып чыкты. Арасында кыргызстандыктар бар

Эске салсак, Россия өкмөтү буга чейин бир нече жолу Афганистандагы кыргыз жарандарын эвакуациялоого жардам берген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россиянын Афганистанга гуманитардык жардам жеткирип барган үч учагы Кабулдан кетүүнү каалаган адамдарды алып чыкты. Алардын арасында Кыргызстандын дагы жарандары бар экенин Коргоо министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Ил-76 учактары 200дөй кишини ала кетти. Бортто россиялыктардан тышкары Кыргызстандын дагы жарандары бар. Жүргүнчүлөр Москвадан алыс эмес жердеги "Чкаловский" аэропортуна жеткирилет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Россия өкмөтү буга чейин бир нече жолу Афганистандагы кыргыз жарандарын эвакуациялоого жардам берген.
Россиянын учактары Афганистандан элди алып келүүгө кетти. Ичинде КР жарандары бар