Бишкектин четинде мас айдоочу эки кызды коюп кетти. Күбөнүн видеосу

Кырсык ГЭС-2 районунда болгон. Күбөлөр унаа эки кызды коюп кеткенин билдирди, бирок милиция бирөө эле болгонун айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкектин жака белиндеги ГЭС-2 районунда жеңил автоунаа эки окуучу кызды коюп кетти. Бул тууралуу "Короче" Telegram-каналы билдирди.
Автоунаа электр мамысын сүзүп токтогон. Күбөлөр айдоочу мас экенин жазууда. Кырсыкка кабылган кыздарды тез жардам унаасы алып кеткен.
Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык катталганын жана айдоочу мас экенин тастыктады. Милициянын маалыматы боюнча, автокөлүк бир кызды гана коюп кеткен. Учурда ал ооруканада жатат, абалы жакшы.
Бишкектин түштүгүндө үч автоунаа кагышты. Үрөй учурган жол кырсыктын видеосу
"Тазалык" кызматкеринин өлүмү: маркумдун жакындарына компенсация төлөнөт