Россиялыктар жаңы жылда баргысы келген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан дагы бар

Буга чейин Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова россиялык туристтерди Кыргызстандагы кышкы туризм бир топ кызыктыра баштаганын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. OneTwoTrip саясат сервиси россиялыктар жаңы жылдык каникул учурунда кайсы мамлекеттерге барарын тизмектеп чыкты. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар экенин RT маалымдады.
Авиакаттамдарга эң көп билет алынган өлкөлөрдүн сап башында Түркия мамлекети турат.
Андай кийинки орунга Армения, Кыргызстан, Молдова, Азербайжан, Бириккен Араб Эмирлиги, Шри-Ланка, Беларусь, Тажикстан жана Грузия илинген.
Албетте, билет алгандардын басымдуу бөлүгү Россиянын жарандыгын алган мигранттар деп божомолдоого болот. Бирок буга чейин Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова россиялык туристтерди Кыргызстандагы кышкы туризм бир топ кызыктыра баштаганын кабарлаган.
Дүйнөлүк туристтик уюмдун маалыматы боюнча, 2018-жылы Кыргызстанга Россиядан 502 миң турист келген, 2019-жылы — 540 миң, 2020-жылы пандемиядан улам болгону 143 миң киши эс алып кеткен. 2021-жылдын биринчи кварталында республикага 49 миң россиялык турист келгени айтылган.
Мэрия Ош шаарын даңазалап, туристтерди чакырган роликтерди жарыялады