Кыргызстанга "Байрактар" учкучсуз аппараттары келип түштү. Сүрөттөр

Буга чейин УКМК төрагасы Түркиядан "Байрактар", Россиядан "Орлан -10" учкучсуз учуучу аппараттарын сатып аларын айткан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусуна "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттар келип түштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусуна "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттар келип түштү

2 / 4

Президент Садыр Жапаров бүгүн Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттарын көрүп чыккан

3 / 4

Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөттү

4 / 4

Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражатына сатып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат

Президент Садыр Жапаров бүгүн Чек ара кызматынын куралдануусуна берилген "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттарын көрүп чыккан.
"Мамлекет башчыга бул аппараттарды башкаруу системасы тууралуу айтып, алардын ишин көрсөттү. Аталган аппараттар толугу менен республикалык бюджеттин каражатына сатып алынды жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араларды кайтаруу үчүн колдонулат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекет Түркиядан "Байрактар", Россиядан "Орлан-10" учкучсуз учуучу аппараттарын сатып алып жатканын билдирген.
УКМК: Кыргызстан Россиядан тик учак менен учкучсуз аппараттарды сатып алат
Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды. Сүрөт